Кабар жана жарыялар

КТМУ «Web of Science Awards 2017» сыйлыгына ээ болду

КТМУ «Web of Science Awards 2017» сыйлыгына ээ болду

Кыргыз-Түрк “Манас” университети 2017-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Улуттук илимдер академиясында Илим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада «Web of Science Awards 2017» электрондук маалымат базасы нын илимий макалалардын саны боюнча “Эң таасирдүү жогорку окуу жайы” деп табылды.

Иш-чарада «Clаrivаte Analytics» (Thomson Reuters) компаниясынын өкүлдөрү мыкты рейтингге жетишкен кыргызстандык окумуштууларга жана жогорку окуу жайларына сыйлактарды ыйгарды. Аталган рейтинг боюнча Кыргыз-Түрк “Манас” университети Кыргызстанда илимий макалаларды эң көп жарыялагандыгы үчүн “Эң т аасирдүү окуу жайы” деп аталды.

Салтанаттуу жыйынга премьер-министр  Сапар Исаков , Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, окумуштуулар, коомдук ишмерлер жана жогорку окуу жайлардын жетекчилери, окутуучулары катышты.

КТМУнун ректору, профессор Себахатин Балжы бул боюнча Медиа Манаска мындай деп билдирди: “Кыргыз-Түрк “Манас” университети Орто Азияда билим берүүнүн борборуна айлануу жолунда бир топ ийгиликтерге жетишти. Мынакей, бүгүн илим күнүндө дагы бир сыйлыкка ээ болуп олтурабыз.

Иш-чарада “Thomson Reuters” компаниясынын өкүлдөрү мыкты рейтингге жетишкен кыргызстандык окумуштууларга жана жогорку окуу жайларына сыйлактарды ыйгарды. Анын ичинде «Web of Science Awards 2017» электрондук маалымат базасы нын илимий макалалардын саны боюнча Кыргыз-Түрк “Манас” университети Кыргызстанда “Эң таасирдүү жогорку окуу жайы” деп табылды. Бул жетишкендик окуу жайдын бир топ жылдан бери жасаган ишинин натыйжасы болуп саналат. Биз у ниверситеттин физикалык жана техникалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө, материалдык-техникалык базага жана билим берүү менен илим изилдөө иштеринин сапатын жакшыртууга айрыкча көңүл буруп, абдан маани берип келебиз. Билим берүүдө жана илим тармагында өз орду бар Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин мындай татыктуу ийгиликтерге жетишүүсүнө жалпы жамаатыбыз менен биргеликте кубанып жатабыз. Жаңы ачылыштарга ишенимдүү кадам таштаган Манас университети келечекте мындай ийгиликтердин санын дагы арттырып, жигердүү эмгектене бермекчи. 2023-жылы, Орто Азиянын өзүнө тартып турган билим берүүнүн борборуна айланууга жетишебиз”, -деди ректор.

Учурда «Web of Science» электрондук маалымат базасында КТМУ атынан 185 илимий макала жарыяланып, жүктөлгөн.

Медиа Манас