Кабар жана жарыялар

Президент тарабынан КТМУнун ага окутуучусу сыйланды

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин ага окутуучусу жана Кыргыз Республикасынын Көчө футболу федерациясынын баш катчысы Анаркан Касмалиева 2017-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан кесиптик жогорку жетишкендиктери жана коомдук долбоорлор алкагында жетим балдарга көрсөткөн жардамы үчүн Кыргыз Республикасынын «Ардак грамотасы» менен сыйланды.

КТМУнун жалпы жамааты Анар к а н Сарыгуловнага мындан ары дагы ийгиликтерди каалайт !

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/lang-ky/2235-prezident-tarabynan-ktmunun-aga-okutuuchusu-syylandy.html