Кабар жана жарыялар

Ардактуу кесиптин ээлери сыйланды

Ардактуу кесиптин ээлери сыйланды

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Түркия Республикасынын “24-ноябрь мугалимдер күнү” белгиленип, улуу кесиптин ээлерине Кыргыз Республикасы тарабынан ыйгарылган мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды.

Мугалимдер күнүнө арналган салтанат чет тилдери жогорку окуу жайынын тил үйрөтүү бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан 2017-жылдын 24-ноябрында Касым Тыныстанов жыйындар залында уюштурулду.

Аземге университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев, проректор, профессор Хусеин Өгүт, проректор, профессор Анварбек Мокеев, окуу жайдын окутуучу курамы, студенттер жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чара эки өлкөнүн гимни менен башталды.

Ачылыш сөзүндө университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев: " Албетте, кесиптин баары ардактуу, бирок мугалимдин башка кесиптерден өзгөчөлүгү ал билим, илим жана маданиятты сыйлаган, өзүнүн кесибине өзгөчө жоопкерчилик менен карап, коомго кайдыгер мамиле жасабастан жана дүйнө жүзүнүн кайсы жеринде болушпасын ар дайым жаштарга тарбиясын, билимин берүүгө ашыгышкан кесип ээлери болгондугунда турат. Мугалимдин бир гана кызыкчылыгы өлкөгө ак кызмат өтөө менен бирге коомдо, илим-билимдүү жаштарды тарбиялап чыгаруу. Демек алардын келечекке болгон зор салымы мыкты тарбияланган жаштар. Кыргызстанда ар дайым мугалимдерге болгон сый-урмат жогору. Билим берген студенттериңиздердин жасаган иш аракеттери менен сыймыктанып гана жүрүүңүздөргө тилектешмин. Мугалимдер күнүңүздөр кут болсун", - деген каалоо-тилегин айтты.

Университеттин проректору, профессор Хусеин Өгүт: "Байыркы маданиятыбызга көз чаптырсак, мугалимдердин түп тамыры тээ алыска барып такалат. Ыйык китебибиз да "Оку!" деген буйрук сөз менен башталат. Теология факультетибиздин дубалдарында "Билимдүүлөр менен билбегендер бирге боло алышабы?", - деп жазылып турат. Биздин маданиятыбызда да "Билим алыскы Кытайда болсо да, билим алгының!" деген сөз бар. Мындан улам илгертеден бери мугалим ардактуу кесип экендигин эч ким танбайт. Андыктан жалпы мугалимдерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм жана ийгилик каалайм", - деди.

Чет тилдери жогорку мектебинин башчысынын орун басары, ага окутуучу Мухиттин Гүмүш университетте эмгектенген бардык мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап: "1928-жылдын 24-ноябры, Түркия Республикасынын түзүүчүсү, улуу жол башчы Мустафа Кемаль Ататүрк "мугалим" наамын алгандыгынын мааракесине карата 1981-жылдан тартып, Түркияда "Мугалимдер күнү" белгиленип келет. Мугалимдер үчүн бул дата маанилүү экендигин баса белгилегим келет. Мамлекеттин эртеңки келечеги болгон жаштарга талыкпай билим берип, тарбиялап-өстүрүп келген мугалимдерге жана мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатууга бардыгыбыз аракет кылышыбыз керек деп ойлойм", - деди.

Куттуктоо сөздөрүнөн кийин Кыргыз Республикасынын Президенти, ϴкмөтү жана Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан ыйгарылган КТМУнун илимий кызматкерлерине ардак грамоталары жана сыйлыктар тапшырылды.

Сыйлыкка төмөнкү кызматкерлер ээ болушту:

Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин ага окутуучусу жана Көчө футбол федерациясынын баш катчысы, доцент Анаркан Касмалиева - Президенттин Ардак грамотасы менен сыйланды.

Математика бөлүмүнүн башчысы профессор Анаркүл Урдалетова – КРнын ϴкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды.

Ал эми айыл-чарба факультетинин деканынын орун басары, доцент Нурлан Маматов, батыш тилдери бөлүмүнүн башчысы профессор Чолпон Найманова, биология бөлүмүнүн окутуучусу доцент Назгүл Иманбердиева, математика бөлүмүнүн ага окутуучусу, доцент Элмира Абдылдаева, чыгыш тилдери бөлүмүнүн ага окутуучусу, доцент Алла Нарозова жана гуманитардык факультетинин ага окутуучусу, доцент Кадиан Бообековага – Билим берүү жана илим министирлигинин "Билим берүүнүн отличниги" сыйлыгы тапшырылды.

Ошондой эле университеттин биология бөлүмүнүн окутуучусу, доцент Нурбек Алдаяров, синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучусу, доцент Салтанат Мамбаева, химиялык инженерия бөлүмүнүн окутуучусу, доцент Айгүл Усубалиева, синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучусу, доцент Гүлнура Жумалиева, синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучусу, доцент Чолпон Сыдыкова жана батыш тилдери бөлүмүнүн окутуучусу, доцент Каныкей Калиева – Билим берүү жана илим министирлигинин Ардак грамоталары менен сыйланды.

Сыйлык тапшыруу аземинен соң, Түрк тарых уюму тарабынан даярдалган жана Түрк дүйнөсүнүн улуу инсандарынын мугалимдерге арналган сөздөрүн камтыган тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле майрамдык иш-чаранын соңунда студенттер жогорку деңгээлде даярдалган шаңдуу жана кызыктуу концерттик программалары менен мугалимдерине болгон сый- урматтарын далилдешти.

Иш-чарада үстүбүздөгү жылы дүйнөдөн кайткан көркөм өнөр факультетинин деканы профессор Мехмет Башбуг, Чет тилдери жогорку мектебинин түрк тили мугалими Февзи Каража жана терористтик кол салуудан улам шейит кеткен мугалимдер Нежметтин Йылмаз менен Айбүке Ялчын эскерилди.

Медиа Манас

Haberin Tamamı: http://mediamanas.kg/lang-tr/2241-retmenler-gn-ve-devlet-dlleri-takdimi.html