Кабар жана жарыялар

БАУБдын жалпы жыйыны болуп өттү

БАУБдын жалпы жыйыны болуп өттү

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин демилгеси менен түзүлүп, КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжынын жетекчилигинде иш алып бараткан Борбордук Азия университеттери биримдигинин алгачкы жалпы жыйыны өттү.

Жыйын 2017-жылы 15-16-ноябрь күндөрү Иран мамлекетинин Эрдебил шаарынын Мохагхегх Эрдебили университетинде болду. Ага КТМУнун атынан БАУБнын төрагасы жана КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы, БАУБнын координатору доцент Юнус Эмре Гүрбүз, Түрк цивилизацияларын изилдөө борборунун жетекчиси Женгиз Буйар жана тарых бөлүмүнүн доценти Дайан Камали катышты. Жалпы жыйындын алдында "Эл аралык билим" аталышында семинар жана окуу жайды таанытуу жарманкеси тартууланды. Эдебили университетинде уюуштурулган бул жыйынга биримдикке мүчө болгон 16 университеттин 11 ректору жана 35 өкүлү катышты. Ошондой эле Ирандын түндүк батышынан Эрдебил, чыгыш Азербайжан, батыш Азербайжан жана Гилан аймактарынан 13, коңшу Грузиядан 1 университет өкүлү күбө болушту.

2017-жылдын 15-ноябрында өткөрүлгөн алгачкы жыйында БАУБ төрагасы профессор Себахаттин Балжынын атынан БАУБнун координатору доцент, доктор Юнус Эмре Гүрбүз түрк жана англис тилдеринде сөз сүйлөдү. Ал биримдиктин максаты, азыркы деңгээли, келечектеги пландары жана бул биримдик курулган алгачкы жылы адам укуктарына басым жасалгандыгын, ага байланыштуу атайын комитет түзүлгөндүгүн, биримдиктин жеке логосу жана сайты ачылгандыгы тууралуу маалымат берди. Экинчи жылга аяк баскан биримдик бул жылы мүчө университеттердин санын көбөйтүүгө карата иш аракеттерге маани берилгендигин белгилеген Юнус Эмре Гүрбүз, кийинки жылы конкреттүү кадамдарга даярдык көрүлөөрүн, тагыраак айтканда алмашуу программаларын, студенттик кеңештерди түзүүгө карата иштер жүргүзүлөөрүн, ал эми үчүнчү жылы болсо даярдалган долбоорлор иш жүзүнө ашырылаарын маалымдады.

Ачылыш сөздөрдөн кийин "Тарыхый карталарда Басра булуңу" аттуу көргөзмөгө кезек берилди. Аны менен эле катар биримдикке мүчө жана конок катары катышып жаткан университеттер тарабынан даярдалган окуу жайлардын жарманкесине жалпы катышуучулар ортоктош болушту. Бул жарманкеге КТМУ активдүү катышты. Жарманкеге КТМУ боюнча жалпы маалыматтар камтылган түрк, англис, фарс тилдеринде даярдалган китепчелер, кыргыз, түрк, англис тилиндеги китептер, каталогдор жана альбомдор коюлду.

Көргөзмөдөн кийин "Эл аралык билим" деген аталыштагы семинар өттү. БАУнун төрагасы, профессор Себахаттин Балжынын атынан сүйлөгөн биримдиктин координатору доцент Юнус Эмре Гүрбүз төмөнкүлөргө токтолду: " Салттуу университет системасынын ээси катары бааланган Европа биримдигинин курамындагы өлкөлөр, АКШ университеттеринен артта калгандарын байкаган соң Болонья процессин өнүктүрүшүп, бир багыттуу кадам ташталды. БАУБга мүчө университеттеринин географиялык орду тарыхта Жибек Жолу деп аталган маршруттук територияда жайгашкан. Учурунда бул аймактарда соода-сатык иштери менен алектенген элдер менен катар илим-билим алуу үчүн жана билимин бөлүшүү үчүн окуучулар, окумуштуулар ушул жолдор аркылуу иш сапарларына чыгышкан. Мындай түрдө билим жана илимди жайылтуу жөрөлгөсү илимий маалыматтын жайылуусуна шарт түзүлүп, Жибек Жолундагы өлкөлөрдө "алтын доор" башталган. Бирок азыркы учурда бул өлкөлөр билим тармагында бир топ артта калып отурат. Ошондуктан эл аралык билим түшүнүгү жаңычылдык деле эмес. Негизги жаңычылдык биз ошол көйгөйлөрдү чечип, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүбүздө. Тарыхта Жибек Жолу өзүнөн-өзү пайда болуп түптөлгөн. Бүгүнкү күндө болсо илимий кызматкерлерибиз менен биргеликте аталган маршруттук багыттын үстүндө иш алып барып, кызматташуу алакаларын кайрадан жандандырышыбыз керек".

БАУБ мүчө университеттер менен бирге билим берүү жана илимий изилдөө иштеринде, коомго кызмат кылуу, эл аралык кызматташууда, маданият, өнөр жана спорт тармактарында ар түрдүү темаларда долбоорлор, иш-чаралар жүргүзүүлөөрү мерчемделүүдө.

2016-жылдын 29-апрелинде КТМУда түзүлгөн БАУБ кыска убакыттын ичинде кеңири чөйрөнү камтый алды. Борбордук Азия университеттери биримдиги Афганистан, Азербайжан, Кытай Эл Республикасы, Грузия, Иран, Казакстан, Түштүк Корея, Македония, Монголия, Пакистан, Россия Федерациясы, Тажикистан, Түркия жана Украина менен катар дагы 16 өлкөнүн 60 Жогорку окуу жайларын камтыйт.

 

Медиа Манас