Кабар жана жарыялар

Коммуникация жетекчилиги студенттер менен жыйын өткөрдү

Коммуникация жетекчилиги студенттер менен жыйын өткөрдү

Коммуникация факультетинин деканы Хамза Чакыр жана декандын орун басары Юсуф Юурдигил 2017-жылдын 30-ноябрында факультет студенттеринин өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп, алардын көйгөйлөрү жана суроо-талаптары тууралуу маектешти.

Жыйында факультеттин жетекчилиги студенттер менен 2016-2017-окуу жылында аткарылган иш аракеттер жана келечектеги иш пландары тууралуу сүйлөшүштү. Бир саатка жакын созулган жыйында декан Хамза Чакыр жалпы студенттердин билим берүү процесси тууралуу ой-пикирлерин угуп, студенттердин эч нерсеге муктаж болбоосун жана суроо-талаптар болсо, кайрылып турууларын айтты. Ошондой эле студенттерди колдоо үчүн деканаттын эшиги дайым ачык экендигин билдирип, студенттерди терең билим алуу менен бирге университеттин коомдук иштерине активдүү катышууга чакырды.

Медиа Манас

Haberin Tamamı: http://mediamanas.kg/lang-tr/2258-letiim-fakltesi-renci-temsilcileri-le-sohbet-toplants.html